Бүгүн 7-июлда Чүй облустук ички иштер органдарынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Бул күнү Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары Руфат Абдуразаков кызматтык милдеттерин мыкты аткарган бир катар кызматкерге Ардак грамота жана медалдарды тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Абдуразаков бүгүнкү күндө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бул жөн гана кызмат эмес, балдар жана өспүрүмдөр менен иш алып барууда сабырдуулукту, түшүнүктүүлүктү жана өзгөчө мамилени талап кылган жооптуу жана маанилүү иш экенин белгиледи.