Бишкек шаарындагы жаштарды салттуу эмес жамааттарга (ЛГБТ) тартуу жолу менен коомчулукту бузукулукка багыттаган, ошондой эле баңги каражаттарды колдонууга шарт түзгөн түнкү клубдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 5-июлда атайын кызматтын кызматкерлери "Комбинат Плюр", "Катс" жана "НОКС" аттуу түнкү клубдарын текшерүүгө алды. Натыйжада "Катс" жана "Комбинат Плюр" түнкү клубдарынын ишмердүүлүгү коомчулукка ЛГБТ деп аталган адамдарды тартуу жана баңгизаттарды колдонуу аркылуу жаштарды бузукулукка багыттагандыгы аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө психотроптук дары-дармектер табылып, аталган түнкү клубдар толугу менен жабылып, мөөр басылды.
Ал эми "Нокс" түнкү клубунда дааратканадан ак күкүм турган пакеттер табылып, клубдун ээсине жана администраторуна карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Табылган психотроптук жана баңгизаттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында аталган түнкү клубдардын ээлерине жана администраторлоруна карата укуктук баа берилет.