Техаста суу ташкынынан каза болгондордун саны 100дөн ашты

АКШнын Техас штатында селден каза болгондордун саны 104кө жетти. Бул тууралуу NBC News 8-июлда өкмөттүн билдирүүсүнө таянып жазды.

"Алты округда кеминде 104 адам каза болду. Эң көп жоготуулар Керр округунда катталды. Ал жерде 84 адам каза болгон. Анын ичинен 56сы чоң киши, 28 кичинекей балдар",- деп жазылат кабарда.

Басылмада учурда Техастын борборунда суу каптоо коркунучу дагы эле бар экени белгиленет.

Белгилей кетсек, буга чейин жаратылыш кырсыгынан 78 адам көз жумганы маалымдалган болчу. Техастын бир нече округунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көптөгөн жолдор бузулуп, телефон байланыштары үзгүлтүккө учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан