
Өлкө аймагында акыркы суткада 39 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 41 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда – 6, Чүй облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталды.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.