Индияда аарылар учактын учушуна тоскоолдук жаратышты (видео)

Индияда аарылардын үйүрү учактын тулкусун каптап, анын учуусун кечеңдеткен. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-июлда IndiGo компаниясынын учагы Сураттан Жайпурга саат 16:40та учмак. Бирок кеминде 50 мүнөткө кармалып калган. Авиакомпаниянын кызматкерлери учакты тегеректеп жүргөн аарыларды биринчилерден болуп байкап, дароо аэропорттун кызматкерлерине кабарлашкан.

Алар аарыларды кетирүү үчүн өрт өчүрүүчү унаа менен суу чачышкан.

08.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан