Кремль Транспорт министрлигинин жетекчисинин өлүмү боюнча үн катты

Орусиянын Транспорт министрлигинин жетекчиси Роман Старовойттун өлүмү таң калтырбай койбойт. Бул тууралуу 8-июлда Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал дал ушул тергөө бул ишке байланыштуу бардык суроолорго жооп бериши керектигин кошумчалады.

Кечээ, 7-июлда Орусиянын кызматтан кеткен транспорт министри жана Курск облусунун мурдагы губернатору Роман Старовойт Москванын четиндеги Одинцово округунун аймагында өзүн өзү атып алды. Андан кийин министрликтин дагы бир кызматкери жумуш учурунда жүрөгү кармап жан берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан