Орусиянын Великий Новгород шаарынын тургуну 25 жаштагы жубайын бычактап койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, 6-июль күнү түштөн кийин 29 жаштагы жаран аялы иштеген шаардагы дүкөндөрдүн бирине келип, ага бир нече жолу бычак сайган. Кыз окуя болгон жерден каза болгон.
"Кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Сот камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт",- деп белгиледиТергөө комитети.
Жаш жигит аялы досу менен жүргөнүн окуядан бир күн мурун билип калганын жубайлардын тааныштары социалдык тармактарга жазып чыгышты. Ошол эле учурда алар кыз көптөн бери ажырашууну каалап жүргөнүн белгилешкен. Жубайлар 9 жылдай чогуу болушкан.
Каргаша болгон күнү шектүү социалдык тармактагы баракчасына бир нече билдирүү калтырган. Жаман сөздөрдү айтып: "Достор арасында жаман адамдар, сүйгөндөрдүн арасында туруксуздар бар, мен аларды жашатпайм",- деп жазган.