Түркияда Илон Масктын xAI компаниясы тарабынан иштелип чыккан Grok аттуу жасалма интеллект блоктолду. Бул тууралуу Cumhuriyet басылмасы кабарлады.
Маалым болгондой, мындай аракетке Grok чат-ботунун Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган тууралуу негатив сөздөрдү айтканы себеп болгон. Расмий түрдө бөгөттөөнүн себеби катары президентти кемсинткени үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам бузуу көрсөтүлгөн. Түркиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай аракеттер үчүн 4 жылга чейин камакка алуу жазасы каралган.
Чат-ботту блоктоо чечимин Анкаранын прокуратурасы көтөрүп чыгып, Маалымат жана байланыш технологиялары башкармалыгы (BTK) ишке ашырган. Reuters агенттиги да бул тууралуу маалымдады.
Cumhuriyet жазгандай, Grok бот X социалдык тармагына орнотулган жана түрк тилинде кээ бир суроолорго жоопторду кайтарып турган. Бул окуядан кийин прокуратура расмий тергөө иштерин баштаган.
2024-жылдын февралында Grok чат-боту Илон Маск жана АКШ президенти Дональд Трамп өлүм жазасына татыктуу экенин билдирген. Учурда xAI бул кемчиликти оңдоп чыккан. Grok эми «ким өлүм жазасына татыктуу?» деген өңдүү суроолорго мындан ары жооп бербейт.