Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн "Түбөлүк достук” концертинде Кыргызстан менен Тажикстандын маданият министрлери бийлешти. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарады.
Министрлер Мирбек Мамбеталиев жана Матлубохон Аманзода Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Мөлмөлүмгө” бийлеп, жанындагылар кол чаап, колдошкон.
Бул иш-чара Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган.