УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, аларга Бишкектен келген жетекчилерди коноктобоону эскертти.
"Бишкектен келген жетекчилерге мейманканаларды издеп, кой же жылкы соё турганыңарды билсем, анда капа болбогула. Эскертүү берип жатам. Бишкектен келген министр, архитектура же "Кадастрдын" башчысы жыргап жатышпасын. Бардыгы өзүңөрдөн. Өзүңөр ошол ишке барып жатасыңар",- деди ал.
Ташиев коопсуздук кызматына мындай көрүнүштөрдү көзөмөлгө алууну тапшырды.
Айта кетсек, Ташиев кечээ, 9-июлда Ош шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.