"Чай ичпейм". Ташиев Жогорку соттун төрагасынын Садыр Жапаровго берген убадасын ачыктады (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин президент Садыр Жапаровго берген убадасына күбө болгонун айтты.

Ал Сатыев Ошто конок болгону үчүн өлкө башчыдан сөгүш алганын эске салды.

"Президент "ай, Медер, сен Ошко барганда өзүң ичкен тамактын акысын өзүң эле төлөп койбойсуңбу" деди. "Тигил жакка барсаң кой, жылкы соёт экен. "Тигил мейманканага жатпайм" дейт экенсиң" бул эмне деген акмакчылык?" деп президенттин айтканына мен күбө болдум", - деди Ташиев кечээ, 9-июлда Ошто өткөргөн жыйынында.

Ташиев ошондой эле Сатыев андай жоругу кайталанбай турганын убадалаганын билдирди.

"Мен эми бир жакка барсам, кол алдымдагылардан да чай ичпейм" деген",- деп кошумчалады Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, аларга Бишкектен келген жетекчилерди коноктобоону эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан