Байсалов: "Өлкөдөгү ар бир төртүнчү адам жакырчылыктын чегинен ылдый жашайт"

Бүгүн, 11-июлда Бишкекте жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү маселелери боюнча республикалык кеңешме өтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов учурда өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылыктын чегинен ылдый жашай турганын жана бул бардык мамлекеттик институттардын жана жалпы коомдун чечкиндүү жана координацияланган аракеттерин талап кыларын билдирди.

"Биз эч кимди артта калтыра албайбыз. Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык жарандар үчүн – жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, көрүнүктүү натыйжаларды алып келиши керек. Ар бир бала, ар бир үй-бүлө негизги мүмкүнчүлүктөргө жана татыктуу келечекке ээ болушу керек",- деди Эдил Байсалов.

Кеңешменин алкагында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары каралды. Адамдык капиталды өнүктүрүүгө, анын ичинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга (айрыкча айыл жерлеринде), мектепке чейинки тарбиялоонун камтуусун кеңейтүүгө, кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет ошондой эле туруктуу жумуш орундарын түзүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, аймактык экономиканы өнүктүрүүгө, кайра иштетүү жана агроөнөр жай комплексине инвестицияларды стимулдаштырууга, ошондой эле жумуштуулук программаларын кеңейтүүгө – биринчи кезекте жаштар жана аялдар үчүн күч жумшайт.

Кыргызстандын 2030-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн ички ресурстарды мобилизациялоого жана эл аралык колдоону тартууга ниеттенүүдө. Эдил Байсалов белгилегендей, ар бир реформалык чечим социалдык теңсиздикти азайтууга жана өлкөнүн бардык жарандары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан