Транспорт министри Таласта жасалып жаткан жолдорду көрүп, ачууланды (видео)

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Талас облусуна иш сапар менен барып, жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Министр Өтмөк ашуусундагы асфальт басуу иштерин барып көрдү. Бүгүнкү күндө №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 чакырым асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
"Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун курулушунан кабар алган министр подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө иш солгун жүрүп жатканын айтып, эскертүү берди. Ал 10 күн аралыгында кайра текшерип келе тургандыгын айтып, 94 чакырым жолду алты бөлүккө бөлүп, ишти күчөтүү керектигин билдирди.
Мындан тышкары, министр Покровка—Кайыңды жолунун 9 чакырымын оңдоо иштерин жеринен көзөмөлдөдү жана жол жээгин көрктөндүрүү иштерине да өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койду.
Транспорт министри Таласга барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан