Бишкекте социалдык тармак аркылуу казак аялдарына асылган жаран кармалды (видео)

Бишкекте улуттук жана региондор аралык кастыкты козутканга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 7-июлда С. аттуу жаран Instagram социалдык тармагы аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер көтөрүлүп, жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, улуттар аралык негизде кемсинткен сөздөр камтылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу ) ылайык кылмыш иши козголду.
Анын алкагында 1987-жылы туулган Б.С аттуу жаран кармалып, бир айга камака алынды. Тергөө иштери улантылууда.
Социалдык тармак аркылуу казак аялдарына асылган жаран кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан