Чет элдиктерге мыйзамсыз дипломдорду беришкен делип окутуучулар кармалышты

Жеке менчик эл аралык медициналык университеттин профессордук-окутуучулук курамынын айрым кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандар чет өлкөлүк жарандар менен акчалай сый акы үчүн кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга өлкөдө болбосо дагы окуду деп баа коюп жүрүшкөн. Кийин чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз түрдө медицина тармагында жогорку билими тууралуу дипломдор берилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан