Талас облустук милициясы 58 жаштагы дарыгер жасаган операциясы үчүн акча талап кылууга шектелип кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Чат-Базар айылындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун бөлүм башчысы болуп иштейт. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө дарыгердин 25 жаштагы жарандан анын апасынын өтүнө операция кылгандыгы үчүн 3000 сом алгандыгы, андан сырткары дагы 15 миң сом талап кылгандыгы аныкталган. Арыз ээси дарыгерге кийин 11 миң сом берген.
Учурда тергөө иштери уланууда.