
Ош шаарынын Масалиев жана Турсунбаева көчөлөрүн бириктирген Аношина көчөсүн кеңейтүү боюнча эскиз долбоору Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
Шаардык мэриядан билдиргендей, калаанын ички жолдорун дагы кеңейтүү жаатында бир топ иш-аракеттер жүрүүдө.
Ички жолдорду кеңейтүү жана оңдоп-түзөө менен негизги жолдордогу кыймылды азайтууга мүмкүнчүлүк жаралат.