Кыргыз балбандары Венгриядагы рейтингдик турнирге катышат

Бүгүн, 17-июлда Венгриянын борбору Будапешт шаарында “Polyák Imre & Varga János Memorial” аттуу спорттук күрөш боюнча төртүнчү рейтингдик турнир старт алат.
Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер менен өтөт. Спортчулар жети салмактык (57 килограмм, 61 килограмм, 65 килограмм, 70 килограмм, 79 килограмм, 97 килограмм жана 125 килограммга чейин) категорияда күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргызстандын атынан 61 килограмм салмак чен бирдигинде Бекзат Алмаз уулу жана Тайырбек Жумашбек уулу килемге чыгарын билдирди.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Белгилей өтсөк, турнир дүйнөнүн алдыңкы балбандарын чогултуп, рейтингдик упайларды топтоого мүмкүндүк берет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан