Таң атпай туруп жүгүрдү... Оштун мэрине өзгөчө ырлар айтылды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңшибек Токторбаевге Орусиянын Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актёрлор тарабынан ага арналган ырлар көркөм окулду.

Бул окуя калаада мэриянын ипотекалык программасынын алкагында курулган 96 батирлүү көп кабаттуу турак жай пайдаланууга берилип жаткан учурда болгон. Иш-чарадан тартылган видеону Ош шаарынын мэриясы бөлүштү.

Анда аталган окуу жайды аяктаган 22 актёрго да батирлер берилген.

"...Акылы толо жигиттин калкына тийди пайдасы... Таң атпай туруп жүгүрдү... Чечкиндүү мырза Жеңишбек, чекчейтип баарын койду го... Гүлдөтүп баарын койду го... Мыйзамды сүйгөн Жеңишбек, мэрлерге үлгү болду да...",- деген сөздөр айтылды мэрге арналган ырларда.

Салтанаттуу иш-чарада белгилүү актриса мэрди "күлүк" деп да атады.

17.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан