Бишкекте "Тазалыктын" кызматкери муравейник унаасы менен Майбахты сүзүп алды. Бул тууралуу видео соцтармакта тарады.
Унаанын кичинекей жерин эле сүзүп, чийип алды. "Тазалыктын" кызматкери кишиден кечирим сурап, ыңгайсыз абалда болгон. Ал эми Майбахтын ээси аны кечирип, акча төлөтпөй эле кетирип жиберген.
"Биздин шаарда түшүнүктүү байлар бар экен", " Жакшы бай адамдар бар турбайбы", "Азаматсыз", "Кыргыз элинен айланса болот" деген жылуу пикирлерин комментарийде жазышууда.