Милиция кызматкерлери сууга түшүп кеткен унаадан баланы жана анын атасын куткарышты(видео)

18-июлга караган түнү Жайыл районунун Сосновка айылында жол-транспорттук кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган жаран К.Ч. Тойота Аллион үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, Талды-Булак айылына бурулушта рулга ээ боло албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып, агымы катуу болгон каналга түшүп кеткен. Унаанын ичинде айдоочу жана анын жашы жете элек уулу болгон.

Ошол маалда Жайыл РИИБинин Сосновка АОМ аймактык тескөөчү кызматкерлери, милициянын майорлору Эрмат Сасыков жана Нурлан Бийбосунов кызмат өтөп жүрүшкөн. Алар кырсык болгон жерден өтүп бара жатып сууга агып бара жаткан унааны көрүп, дароо жардам көрсөтүүгө киришишкен.

Милиция кызматкерлери суунун ичинде унаага жетип барып, эң биринчи баланы, андан соң айдоочуну сыртка алып чыгышкан. Өз убагында жана чечкиндүү аракеттердин аркасында адам өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болду.

Кийинчерээк айдоочу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келип, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.


видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан