Бишкек шаарында виртуалдык активдер менен алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБинин Тергөө кызматына чет элдик Ж.Ч.С. аттуу жаран жазуу түрүндө кайрылып, белгисиз адамдар аны виртуалдык активдерди алмаштыруу шылтоосу менен алдап, 22 400 АКШ долларын мыйзамсыз тартып алышканын билдирген.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар 1990-жылы туулган М.К. жана мурда соттолгон 1991-жылы туулган Т.А. экени белгилүү болгон. Алар виртуалдык эсептерди активдүү колдонуп жүргөндүгү аныкталган.
Шектүүлөр Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБинин Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Азыркы учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар-жогу текшерилип жатат жана кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер уланууда.