Байыркы Рим коргоочуларына таандык болгон чоң өлчөмдөгү бут кийим табылды

Улуу Британияда археологдор биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык болгон, Рим аскердик фортунун коргоочулары кийген чоң өлчөмдөгү байыркы бут кийимди табышты. Бул тууралуу CNN маалымдады.

Табылган бут кийимдин узундугу 30 сантиметрден ашат, бул азыркы 46-өлчөмгө туура келет. Ал ошол мезгилдеги орточо өлчөмдөн бир топ чоң болгондуктан, археологдор фортту коргогон сырдуу жоокерлер ким болгонун аныктоого аракет кылышууда.

Бут кийим Адриан дубалынын бою менен жайгашкан Магна аттуу римдик аскердик форттун урандыларынан табылган. Бул дубал Рим империясынын түндүк-батыш чек арасын баскынчылардан коргоо үчүн курулган жана узундугу 117 чакырымды түзөт.

Археологдордун айтымында, бут кийим калың уй терисинен жасалып, темир мыктар менен бекемделген. Мындай материал жана ыкма анын суу жана музга туруктуу болушун камсыздаган.

Алгач бул өтүк кышкы мезгилге арналган, же болбосо ичине кошумча байпактар салынып кийилген болушу мүмкүн деп божомолдонгон. Бирок кийинчерээк ушундай эле чоң өлчөмдөгү бир нече бут кийим табылгандыктан, археологдор фортто чындыгында эле буту чоң адамдар жашаган болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келе башташкан. Бул тууралуу казуу иштерине жетекчилик кылган улук археолог Рэйчел Фрейм билдирген.

Магна форту болжол менен биздин заманга чейинки 85-жылы курулган. Ар кандай мезгилдерде анын коргоочулары алмашып турган. Археологдор форттун дубалдарынан табылган жазуулардан улам, ал жерде азыркы Сирия аймагынан келген аскерлер, ошондой эле Хорватия жана Сербиядан келген жоокерлер болгонун аныкташкан. Бирок канча убакытка чейин ошол жерде кызмат өтөгөнү белгисиз бойдон калууда.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, айрым учурларда жоокерлер форттон шашылыш чыгып кетип, бут кийим, кийим-кече жана башка буюмдарын казылган арыктарга таштап кетишкен болушу мүмкүн.

Азыркы учурда изилдөөчүлөр бул бут кийимдердин ээлери тууралуу көбүрөөк маалымат алуу максатында бут кийимдин эскирүү издерин, тамандардын формасын жана калган издерди кылдат изилдеп жатышат. Бул маалыматтар аркылуу ошол мезгилдеги адамдардын бут өлчөмдөрүн моделдөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан