Лос-Анжелесте автоунаа элди сүзүп, 20дан ашуун адам жабыркады

Кечээ, 19-июлда Лос-Анжелес шаарында автоунаа эл көп чогулган жерге кирип кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 20дан ашуун адам жаракат алган, алардын ичинен төрт адамдын абалы оор. Алар ооруканага жеткирилди. CNN каналы кеминде 28 адам жабыркаганын кабарлады.

Окуя шаардын түндүк-батышындагы Санта-Моника бульварында болгон. Окуянын себептери азырынча тактала элек.

CNN билдиргендей, окуя болгон жерде 120дан ашык куткаруучу иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан