Японияда 60 жаштагы Сэдзи Маэкава дээрлик 40 жылдан кийин акыйкаттыкка жетти. Ал 1986-жылы Фукуи шаарында мектеп окуучусун өлтүрдү деген шек менен камакка алынып, өмүрүнүн көп бөлүгүн түрмөдө өткөргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маэкава тергөө учурунда жана андан кийинки жылдары да күнөөсүз экенин айтып келген. Кайрадан жүргүзүлгөн иликтөөдө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө дал келбестиктер жана бир катар фактылык каталар аныкталган.
Сот анын күнөөсүз экенин таанып, актаган чечим чыгарды. Сот Маэкавадан узак жылдар бою тартып келген азап-тозоктору үчүн кечирим сурады.
Маэкава өз сөзүндө акыйкаттыктын орношу менен жеңилдеп калганын белгиледи. Эми Маэкавага мамлекет тарабынан 1,5 миллион доллар компенсация төлөнөт.