
Бүгүн, 20-июлда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде, тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Талас аймагында +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жеринде+25...+30, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +36…+38 градуска чыгат.