20 жылдан бери комада жаткан Сауд Арабиянын ханзаадасы каза болду

Сауд Арабиянын ханзаадасы Аль-Валид бин Халед бин Талал 36 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы 20 жыл бою комада жаткан.

Ханзаада 15 жашында Лондондо аскердик коллежде окуп жүргөн кезде жол кырсыгына кабылып, баш мээсинен оор жаракат алган. Мээсине кан куюлуп, ханзаада комага түшкөн.

Ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылып, зонд аркылуу тамактандырылып келген. Анын үй-бүлөсү дүйнөнүн түрдүү булуң-бурчунан дарыгерлерди чакырган, бирок ханзаада эсине келе алган эмес.

10 жыл мурун дарыгерлер аны аппараттан ажыратууну сунушташкан, бирок атасы макул болбой, баласынын айыгышына үмүт артып, жашоосун улантуусун каалаган. Төрт жылдан кийин бармактарын кыймылдатуу жана башын буруу сыяктуу майда реакциялар байкалган, бирок ден соолугунда олуттуу оңолуу болгон эмес.

Аль-Валид — Сауд Арабиянын падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү, ханзаада Халед бин Талал Аль Сауддун тун уулу болгон. Ал азыркы падыша Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун түз мураскери болбосо да, падыша анын алыскы чоң атасы болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан