SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, калаа мэриясына ыраазычылыгын билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 20-июлда шаарда болуп жаткан аномалдуу ысыкка карабастан мэриянын кызматкерлеринин иштеп жатканына күбө болгон.
"Лев Толстой көчөсү бүтүп калыптыр. Мындай жол жок болчу. Чекчейиптир. Тиги жагы Панфилов. Мурда бул жерде тыгын көп болчу. Жол чыракты да жасап жатышыптыр. Бүгүн жекшемби, күн болсо ысык", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.