15-январда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, жолдор тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз жамгыр жаап, карга айланат. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөнкүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -6°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -7°C
Нарын облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -20°C
Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C