Жылнаама, 15-январь: Кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков туулган

*1931-жылы (83 жыл мурун) кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында туулган. Ал орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчылыгын аркалаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүрүп, "Кыргызокуупедмамбастын" балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960–1973-жж. «Ала-Too» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор катары эмгектенген. Төлөгөн Касымбеков Кыргызстандын уламыш болуп калган Жогорку Кеңешинин депутаты катары 1990-1994-жылдары да өлкөсүнүн саясий жүрүмүнө (жараянына) олуттуу салым кошкон. Анын калемине таандык 1966-жылы жазылган жана 1971-жылдарга чейин кайра оңдолуп-кошумчаланган “Сынган кылыч” романы элибизге 18-кылымдын акыры – 19-кылымдагы тарыхты кылдат таразалап кароого чакырган атуулдук сабак, атуулдук таберик болуп калды. Жазуучу 2011-жылы 16-июнда дүйнө салган.

*1932-жылы (82 жыл мурун) жазуучу, котормочу жана режиссёр Жалил Абдыкадыров жарыкка келген. Өзүнүн чалкыган чыгармачылык деми менен улуттук режиссурага чыйыр салып, анын өсүп-өнүгүүсүнө, калыптанышына, бийиктикке көтөрүлүшүнө жан дилин, бардык күч-кубатын, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн аябастан кыргыз элинин улуттук режиссурасына опол тоодой эмгек сиңирген Жалил Абдыкадыров тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак. Жалил Абдыкадыров Европа тибиндеги, жогорку бийиктиктеги сахна искусствосун терең өздөштүрүп, аны улуттук искусствонун традициясы менен жуурулуштуруп, Б.Жакиевдин «Атанын тагдыры», Ч.Айтматовдун «Бетме-бет», «Жамийла», Н.Хикметтин «Унутулган адам», У.Шекспирдин «Король Лир», А.Токомбаевдин «Өлбөстүн үрөнү», Т.Абдумомуновдун «Сүйүү жана үмүт», «Жыгылган оогонго күлөт», «Ашырбай», М.Горькийдин «Васса Железнова», К.Маликовдун «Бийик жерде», Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат», өзү жазган «Олжобай менен Кишимжан», Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей», С.Ахмаддын «Келиндер козголоңу» сыяктуу театр өнөрүнүн алтын фондусунда калган мезгилдүү спектаклдерди коюп, өзүнүн традициясын бекем кармаган баатырдык-эпикалык багыты бар реалисттик чыгармаларды көрүүчүлөргө тартуулаган.

1981-жылы (33 жыл мурун) америкалык рэп ырчы Питбуль ( өз аты Армандо Кристиан Перес) туулган. Мектепте окуган чакта эле Армандо рэпке кызыга баштайт. Өзү да жакшы рэп окуй алган. Ар кандай жерлерде ырдап жүргөнүн байкап калган музыкант Лютер Кэмпбелл аны “Набат”(“Lollipop”) тобуна кошулууга чакырат. Ушул убакта эле Армандо өзүнө лакап ат коюуга батынат. Лютер Кэмпбелл менен иштешип жатканда аны музыканын кранк жанрынын падышасы аталган Лил Жон байкап калат. Ал экөө “Форсаж” фильмине саундтректерди жаздырышкан. Бул фильмде Питбулдун 4 ыры саундтрек катары колдонулган. Азыр бул рэпер атактын туу чокусунда. Көп жылдыздар аны менен дуэт ырдаганды каалашат. Ал ырдап чыккан ырлардын баары хитке айланат. Марк Энтони менен чогуу ырдаган “Жамгыр менин үстүмө жаасын”(“Rain оver мe”) ырынын азыркы убакта атагы артууда. Питбуль орто мектепти гана аяктагандыктан, билимдин маанилүүлүгүнө көңүл бурат. “Кыялдануу фонду” (“Imaginate foundation”) деген кайрымдуулук уюмун түзгөн. Бул уюм Латын Америкасынан келген балдардын АКШда билим алуусуна жардам берет. 

Лил Жон, Дон Омар, Эйкон, Энрике Иглесиас, Ашер, Женнифер Лопес, Александр Бёрк, Не-Йо, Шакира, Крис Браун, Келли Роулэнд, Марк Энтони сыяктуу атактуу ырчылар менен дуэт ырдаган.Жеке жашоосуна келгенде рэпердин кыз жандуу экенин клиптеринен гана эмес, жеке жашоосунан да байкаса болот. Ар кандай кечелерге ар кайсы сулуу кыздар менен ээрчишип келет. Бирок рэпер жеке жашоосун коомго жарыялаганды жактырбайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан