Кыргызстандыктар да бар. Якутияда шахтанын автобусу жардан кулап кетти

Кечээ, 21-июлга караган түнү Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгрин районунда “Чыгыш Денисовская" шахтасынын автобусу жол кырсыгына кабылып, 13 жумушчу каза болду. Алардын катарында үч кыргызстандык да бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсеси каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктөрдү мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Бул маселе министрликтин жана элчиликтин жеке көзөмөлүндө тургандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан