Базар-Коргондо наркы 12 миллион сомдон ашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан №1 Солнышко бала бакчасы 0,19 гектар жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мүлк кезинде мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен. Текшерүү иштерин Базар-Коргон райондук прокуратурасы жүргүзгөн.

Прокурордук чаралардын негизинде наркы 12,3 миллион сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

22.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан