Өзбекстандан келген эс алуучулар Кара-Кой жайлоосундагы таштандыларды терип, коомчулуктун алкоосуна калды.
Алардын айтымында, өзбек-кыргыз бир тууган, андыктан тазалыкка кам көрүп, туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу керек.
"Биз тазалабасак, ким тазалайт? Германиядан же Америкадан келгендер тазалап кетишпейт го. Бир тууган элбиз. Андыктан өзбек-кыргыз эли таштандылары жок туризми менен таанылышы керек", - деди алардын бири.
Ал эми экинчиси болсо эс алуучуларды таштанды таштабоого үндөп, колдорунда кап болбогондуктан болушунча тазалап түшүп бара жатканын билдирди.
Маалымат үчүн: Кара-Кой – Ош облусунун Ноокат районундагы арча-токойлуу табигый кооз аймак. Тоолордун түндүк жана түндүк-чыгыш капталдары арчалуу келип, деңиз деңгээлинен орточо 2500-2800 метр бийиктикте жайгашкан.