Бүгүн, 22-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бири билдирди.
Анда ал курулушту жүргүзүп жаткан тиешелүү жетекчилерге жумушчуларды жергиликтүү элден алууну тапшырган.
"Мына азыр Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн биздин мигранттарыбыз кайтып келип жатышат. Ишти ошолорго бергиле. Анан "аз акча алат экен, жакшы иштейт экен" деп Бангладештен, Пакистандан келгендерди алып жатасыңар. Андай кылбагыла.
Мейли бир аз көбүрөөк төлөсөк дагы, жайыраак иштесе дагы өзүбүздүн жарандарды ишке алалы. Кыргызстандын ичинде жумушсуз жүргөндөрдү тарткыла", - деди ал.