"Ким уруксат берген?" Ташиевди Ноокенге барганда акимдин жоктугу ачууландырды (видео

Бүгүн, 22-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Масы айылында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулуш иштерин көрүп чыкты.

Атайын кызматтын башчысы курулуш иштери жүрүп жаткан жерге барганда алгач райондун акимин сурады. Акимдин орун басары район башчысы азыр келерин, кечээ күнү Бишкек шаарында иш сапары менен болгонун айтты.

Ташиев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерине аким кайда болгонун тактап, маалымат берүүнү тапшырды.

"Аким эмне үчүн жок, текшергиле. Анын райондон кетишине ким уруксат берген? Президенттин облустук өкүлчүлүгүнөн уруксат алганбы, алган эмеспи? Кайсы жумуштары менен кетти? Бүт бардыгын карагыла", - деди ал.

22.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан