Блогер Михаил Литвин тоюна 100 миллион рублга жакын каражат коротту

Блогер Михаил Литвин бир күн мурун Москва облусунда өткөн үйлөнүү тоюна 100 миллион рублга жакын акча коротту. Чыгымдардын арасында жаңы үйлөнгөн жубайына белек кылган 40 миллионго Lamborghini унаасы да болгон.

Литвин менен Адель Вейгелдин тою Вилла Мичеттиде өттү. Ксения Бородина менен Николай Сердюков да үйлөнүү тоюн ошол жерде өткөрүшкөн. Вилланы ижарага алуу баасы 2 миллион рублдан башталат. Дагы 10 миллион жасалгалоого жана жасалгалоочулардын эмгегин төлөөгө жумшалат.

Тойду шоумен жана актёр Дмитрий Нагиев алып барды. Анын акысы да 10 миллион рублду түзгөн. Андан сырткары, конокторго GUF, Icegergert, Macan жана Navai аттуу рэп ырчылары өздөрүнүн жаңы тректерин тартуулашты.

Литвин менен Вейгелдин үйлөнүү тоюнун конокторунун арасында Лимба, БАСТЕР жана башка бир катар блогерлер жана белгилүү инсандар болгон. Кымбат тамактар жана кымбат спирт ичимдиктери коюлган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бардык иш-чара түгөйлөргө 50 миллион рублга жакын чыгым болушу мүмкүн. Жада калса жаңы үйлөнгөндөр үйлөнүү үлпөтүнө аз калганда акчасы жетишсиз болгондуктан майрамды жылдырууга аргасыз болгонун айтышкан.

Дагы бир олуттуу чыгым Литвиндин аялына берген белеги болгон. Тойдун урматына блогер ага баасы 40 миллион рублдан ашык кымбат Lamborghini Urus белек кылган. Ал белекти майрам учурунда тапшырды. Адель өзү да конокторду сахнадан аткарган ыры жана майрам учурунда алмаштырган бир нече кийимдери менен кубандырды.

Той
23.07
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан