Милиция Бишкектин четиндеги электр мамысынан табылган жансыз дене боюнча маалымат берди

Бишкектин Свердлов райондук милициясы Төмөнкү-Ала-Арча конушунда жайгашкан электр мамысынан жансыз дене табылганын тастыктады.

Милицияга бүгүн, 23-июлда саат 09:30 чамасында Коллекторная көчөсүндө жайгашкан электр мунараларынын биринде эркек киши өз жанын кыйды деген маалымат түшкөн. Факт каттоого алынган.

Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 46 жашта болгон. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин четиндеги Төмөнкү-Ала-Арча конушунда жайгашкан электр мамысынан жансыз дене табылды делген видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан