Нарындагы Долон ашуусунда Ак-Талаадан Бишкекти көздөй чыккан Setra үлгүсүндөгү автобус жол кырсыгына кабылган. Маалыматты Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.
Окуя кечээ, 22-июлда саат 23:40 чамасында болгон. Ашуудан ылдый түшүп бара жаткан автобустун тормозу кармабай калып, жолдон Lexus ES үлгүсүндөгү унаанын капталын сүзүп өтүп, андан кийин айдоочусу автобусту токтотуу аракетин жасап, ээн жерге бурган. Түз эмес жерден автобустун алдыңкы тетиктери менен дөңгөлөктөрү талкаланып, сүрүлүп барып токтогон.
Жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза тапкан жана жаракат алгандар да болгон. Факт Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин Долон ашуусундагы жол кырсыгынан бир аял каза болуп, 16 жаран жаракат алганы айтылган.