Meta кол кыймылы менен компьютер башкарган жаңы билерик чыгарат

Meta компаниясы жаңы, акылдуу билерик чыгарарын жарыялады. Бул билерик колуңуздун кыймылын байкап, аны компьютерге буйрук катары кабыл алат.

Маалым болгондой, бул түзмөк "Control Shift" деп аталат жана өзгөчө кыймыл жөндөмүн жоготкон адамдар үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн. Билерик Meta'нын Reality Labs деп аталган изилдөө тобу тарабынан иштелип чыкты.

Билекке тагылуучу бул шайман атайын sEMG сенсорлору аркылуу иштеп, булчуң кыймылынан чыккан майда электр сигналдарды окуйт. Андан кийин аларды компьютерге түшүнүктүү буйрукка айлантат. Мисалы, колуңуз менен абага жазып жаткандай кыймылдасаңыз, түзмөк аны текстке айландырып жаза алат же курсорду кыймылдата алат.

Meta бул технологияны Orion деп аталган өзүнүн кеңейтилген чындык көз айнектери менен сынап жатат. Компания бул башталышы гана экенин белгиледи. Алардын максаты - салттуу башкаруу ыкмаларын (клавиатура, чычкан, сенсордук экран) артта калтырып, табигый жана интуитивдүү башкаруу тажрыйбасын жаратуу.

Акыркы жылдары Илон Масктын Neuralink долбоору сыяктуу мээге имплант орнотуу аркылуу кыймыл жөндөмүн калыбына келтирүүчү технологиялар популярдуу болуп жаткан. Бирок мындай ыкмалар хирургиялык жол менен жасалгандыктан, көпчүлүк адамдар үчүн ылайыксыз болушу мүмкүн.

Ал эми Meta иштеп чыккан "Control Shift" билериги - денеге операциясыз орнотулуп, күнүмдүк колдонууга ылайык болгон альтернатива. Бул технология мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо сапатын жакшыртып, келечектеги технологиялык интерфейстердин багытын аныктоодо маанилүү кадам катары бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан