Мамлекеттик салык кызматы кечээ, 25-июлда Нарын шаарында акциздик маркалар боюнча рейд өткөрүлгөнүн кабарлап, видео жарыялады.
Рейдге мекеменин төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышкан. Жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Соода түйүндөрдүн биринен Шыкмаматов Coca-Cola суусундугунун накта жана накта эместигин кантип билсе болорун көрсөткөн. Анын айтымында, суусундуктук идишинин капкагы жөн гана кызыл түстө болсо, анда накта эмес болот. Эгер капкакта Coca-Cola деген жазуу болсо, анда накта болот.