Чүй милициясы Балыкчы–Бишкек багытындагы поездди таш менен урган белгисиз адамдардын бейбаштык аракеттери боюнча текшерүү иштери башталганын маалымдады.
Аталган факт каттоого алынып, милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
Буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасы кечээ, 25-июлда саат 21:47 чамасында Токмокто жүргүнчү ташуучу поезддин вагондоруна таш ыргытуулар болгонун кабарлаган.