Биз социалдык тармакта

Павел Дуров Парижде дээрлик 10 саат суракка алынды 

Telegram'дын негиздөөчүсү Павел Дуров дээрлик 10 саатка созулган үчүнчү сурактан кийин Париждеги сот имаратынан чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча 00:00) Дуров 4 жактоочунун коштоосунда чыгып кетти.

Ал маалымат каражаттарына интервью бербей, унаага шашып отуруп кеткен.

Эске салсак, 2024-жылдын августунда Дуров Париждеги Ле Бурже аэропортунда кармалган. Ал Telegram аркылуу мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар деп айыпталган. Андан соң ал соттун көзөмөлүнө алынып, беш миллион евро күрөө төлөөгө милдеттендирилген. Ошондой эле алты айга Франциядан чыгууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан