Биз социалдык тармакта

Чүй милициясы поездди таш менен ургандарды тапты

Бишкек-Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштар аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Облустук милиция окуяга тиешеси бар делип Чүй районунун 15, 14 жана 12 жаштагы өспүрүм тургундары такталганын белгиледи. Бирок алар жоопкерчиликке тартуу курагына жете электигине байланыштуу өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, эскертүүлөр берилген.

Эске салсак, "Кыргыз темир жолу" ишканасы 25-июлда Токмокто жүргүнчү ташуучу поезддин вагондоруна таш ыргытуулар болгонун кабарлаган. Кийинчерээк Чүй милициясы поезддин ташбараңга алынышы боюнча текшерүү башталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан