Камчаткадагы онкологиялык диспансердин дарыгерлери жер титирөөгө карабай операцияны улантышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, видеосу тарады.
Облустук саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптын абалы жакшы экендигин билдирди.
Айта кетсек, Камчаткада күчү 8,7ге жеткен жер титирөө катталды. Ал жакта цунами коркунучу сакталууда. Учурда коркунуч туудурган аймактардын жашоочулары өз ара коопсуз аймактарга кетишүүдө. Жер титирөөдөн кийин күчү 5 баллга чейин жеткен 30га жакын жер силкинди.
Мындан тышкары, Индонезия, Япония, АКШнын айрым аймактарында цунами коркунучу бар экендиги маалым болду.