Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов келди

Бүгүн, 31-июлда Кыргызстанга Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов келди. Бул тууралуу өлкөнүн Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, делегация менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугушту.

Иш сапардын алкагында Орунтаев Өзбекстандан келген делегацияга борбор калаадагы курулуш объектилерин тааныштырып, эки тараптуу курулуш жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Делегация курулуш боюнча биринчи мамлекеттик органдын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата келишти.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чара 1-августта өтөт.

Кыргызстанга Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан