Бүгүн, 2-августта саат 12:27де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирет.
Жер титирөөнүн очогу Шибээ айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 160 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер силкинүү Шибээ, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.