Бүгүн, 16-августта Жеңиш чокусуна Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы катуу авариялык конуу жасады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тик учак кырсыкка кабылган альпинисттерди эвакуациялоого багыт алган. Экипаж жана куткаруучулар аман калган, бирок бир нече адам жеңил жаракат алды.
Коргоо министрлиги куткаруу иштерин улантууда жана өздүк курамдын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле эвакуация иштерин аяктоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.