Милиция Жалал-Абад шаарында уурдалган 11 жаштагы кыз боюнча толук маалымат берди (видео)

Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы кызды уурдаган 42 жаштагы жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин 11 жаштагы кызды уурдап кеткен жаран табылганы боюнча социалдык баракчаларда видео тараган.

Маалым болгондой, кечээ, 15-августта Жалал-Абад ШИИБине 1987-жылы туулган А.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган кызы А.Э. өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган маалымат боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, ошол эле күнү кечки саат 18:30 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. Ош облусунун Кара-Суу районунан табылып, ата-энесине жеткирилди.

Шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган Х.С. аттуу тургуну кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Ал камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыздын ата-энеси видеолорду жана маалыматтарды таратып жаткандарга кайрылуу жолдошту.

16.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан