Ак-Ордодо үрөй учурган жол кырсыгы катталды (видео)

Бүгүн, 16-августта Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Тагай бий көчөсүндө үрөй учурган окуя катталды. Анда жол тандабас менен Портер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тандабас катуу ылдамдыкта келген жана аны окуучу бала башкарып жүргөн.

"Бүтүндөй үй-бүлөнүн тагдыры талкаланды. Мурду кирип кеткен, унаанын кыймылдаткычы да жылып, айдоочуну кысып калган. Аны сүзгөн унааны окуучу башкарып жүргөн. Экөө тең ооруканага жеткирилди. Жол белгилери 40 деп турат, бул жерде кырсык болбошу керек эле. Жол тандабас катуу ылдамдыкта келиптир", - деди видеонун автору.

Ошондой эле ата-энелерге кайрылып, балдарга унаа берүүдөн оолак болууга чакырды.

Ак-Ордодогу жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан