Жылнаама, 16-январь: 1974-жылы англиялык фотомодель Кейт Мосс туулган

1918-жылы (96 жыл мурун) Түркстан крайынын Элдик комиссарлар кеңеши Кызыл аскерлердин ыктыярдуу отрядын куроого киришкен. Кызыл аскерлер отрядын уюштуруу чечими РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинде кабыл алынган Лениндик декретке ылайык жүргүзүлгөн.

1957-жылы (57 жыл мурун) Кыргызстанга иш сапары менен келген КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н.С.Хрущёв "Спартак" стадионунда эмгекчилер менен жолугушуу өткөргөн. Кышкы суукка кайыккан калк башкы коммунисттин майрамдык салтанаттан уламбы, айтор, тили күрмөөгө келбеген баяндамасына күбө болушкан. Республика жетекчилиги биринчи катчынын колунан Ленин орденин алган. Кыргыз ССРинин дыйкандарынын эмгеги жана республиканын айыл чарбадагы жетишкендиктери ошентип Ленин ордени менен бааланган.
*1974-жылы (40 жыл мурун) англиялык фотомодель Кейт Мосс Кройдон шаарында туулган. Атасы үй-бүлөсүн таштап кеткенде, апасы Линда Мосс балдарын багуу үчүн кафеде тейлөөчү болуп иштеген. Линда акча чогултуп, балдары менен Багам аралдарында эс алып келүүгө жетишкен. Башка учакка отуруу үчүн Нью-Йорктун аэропортуна түшкөндө аларга Сара Дуглас аттуу айым жолугуп калган. Ал моделдерди издөө боюнча  агенттиктин директору болгондуктан Кейтти кастингден өтүүгө чакырган. Кастингден өткөн соң Кейт карьерасындагы алгачкы тепкичтерге кадам таштап, түнкү клубдарга бара баштайт. 1990-жылы "Кельвин кляйн" бренди жарнамага тартылуу үчүн 4 миллион долларлык келишим сунуштайт. 90-жылдардын ортосунда моделдин бир күндүк айлык маянасы 10 миң долларга барабар болгон. Бирок жеке жашоосунда баары тайкы болгон. Акчаң барда бакыт жокко туш келген жылдыз баңгизатын тартууга аралашканы да айтылып жүрөт.

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан